Cаясий партиялар 1 046 талапкерди сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясында саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына партиялык тизме менен барчу талапкерлерди сунуштоо аяктады.

Шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык саясий партия бирдиктүү шайлоо тилкеси боюнча 54 талапкерден ашпаган тизмени бериши керек. Мындай тизмени 20-октябрга чейин 21 саясий партия берди.

 

Жалпы сунушталган талапкерлердин саны 1046 болуп, алардын 669у эркек, 377си аялдар. Майыптыгы бар адамдардан 46, 189 талапкер башка улуттан, 267 талапкер 35 жаштан жогорку адамдар.

 

29-октябрга чейин БШКда талапкерлердин документтери текшерилет.
Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет.

Шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирип, 18-октябрга карата 21 партия катталганы кабарланган.

Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 29-октябрга чейин аяктайт. 29-октябрда үгүт иштери башталат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот.