ФИФА дүйнө чемпионатын 4 жыл сайын эмес, 2 жыл сайын өткөрүүнү сунуштады

ФИФА дүйнө чемпионатын 4 жыл сайын эмес, 2 жыл сайын өткөрүүнү сунуштады. Мындай өзгөрүүлөр 2026-жылкы дүйнө биринчилигинен кийин киргизилиши мүмкүн.

 

ФИФАнын башчысы Джанни Инфантинонун айтымында, мындай ири иш-чара дүйнөгө чоң жаңычылдыктарды жана окуяларды жаратат. Эске салсак, кийинки футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2022-жылы Катарда өтөт. Тарыхта алгачкы ирет биринчилик жайында эмес, декабрда уюштурулат.