Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (БАШК) Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты.

Аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) бүгүнкү жыйынында «Эмгек» жана «Ак-Бата” партияларын шайлоо жарышынан четтеткен. Ага чейин Кыргызстан элдик демократиялык партиясына (КЭДП) карата дал ушундай чечим кабыл алынган болчу.

Жыйынтыгында 60 миңдей добуш жокко чыгарылды. Бул жалпы добуштун 45 пайызын түзөт (шайлоого 134 миң шаар тургуну катышкан).

Токтом Борбордук шайлоо комитетине жөнөтүлүп, андан соң БШК өлкө президенти Садыр Жапаровдон кайталап шайлоо өткөрүүсүн өтүнүшү керек.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 38-беренесинин 7-пунктуна ылайык, эгер добуштардын үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү жараксыз деп табылса, шайлоонун жалпы жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек.

Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо 11-апрель күнү өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча шаардык кеңешке алты партия шайланган эле.