Жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда жарандар катталган жери боюнча гана добуш бере алат. Бул тууралуу 24 агенттигине БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт, анын 28и шаардык болсо, 420сы айылдык кеңеш. Аларда добушун ошол аймакта каттоосу бар жарандар гана бере алат. Форма-2 колдонулбайт, убактылуу каттоо дагы жарабайт, — деди Осмоналиев.