Италиянын Рим жана Франциянын Париж шаарларында да шайлоо тилкелери ачылат

Италиянын Рим жана Франциянын Париж шаарларында да шайлоо тилкелери ачылат.

Шайлоо тилкелери Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө жана

консулдук мекемелерде жайгаштырылат. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата чет мамлекеттерде 42 добуш берүү участогун бекитти.

Алардын көпчүлүгү Россиянын аймактарында. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо

4-октябрга белгиленди. Ага катышуу үчүн 44 саясий партия ат салышат.