Лейлек районун Кулунду айылында жалпы дарыгерлик практикалоо борборунун жаңы имараты курула баштады

Лейлек районун Кулунду айылында жалпы дарыгерлик практикалоо борборунун жаңы имараты курула баштады.

Имараттын капсула салуу аземи өттү. Жаңы медициналык мекемеде хирургиялык жана жандандыруу бөлүмдөрү,

дарыгерлер, медайымдар кабинети, ошондой эле бейтаптар үчүн палаталар жайгашат. Курулуш иштерин

быйыл октябрга чейин аяктоо пландалууда. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 28 миллион сомду түзөт.