Парламенттик шайлоолорго добуш берүүчүлөрдүн алдын ала түзүлгөн тизмеси жарыяланды

Парламенттик шайлоолорго добуш берүүчүлөрдүн алдын ала түзүлгөн тизмеси жарыяланды. Боршайкомдун маалыматына ылайык, ага 3 миллион 617 миң 141 жаран кирди.

 

Аны менен tizme.gov.kg мамлекеттик порталында таанышса болот. Эгер кандайдыр бир маалыматты өзгөртүү керек болсо, жарандар арыз менен 12-ноябрга чейин кайрылышы керек.

 

Ал эми добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси 21-ноябрга чейин жарыяланат. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.