Бишкекте жаңы канализациялык коллектордун курулушу 70 пайыздан ашык аткарылды.
Мындай курулуш Кыргызстандын борборунда акыркы 50 жылда биринчи жолу болуп жатат. Долбоор 150 миң үй-бүлөнүн жашоосун жакшыртат деп күтүлүүдө.
Коллектордун курулушун Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы каржылайт.