Кыргызстан жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу 18-июлда башталат. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кабыл алуу былтыркыдай эле онлайн форматта республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жүргүзүлөт.
Эске салсак, бүгүн ЖРТнын үчүнчү этабынын жыйынтыгы жарыяланат.
Ага карата абитуриенттерди кабыл алуунун босого упайы аныкталат.