Чаткалда сел, көчкү жүрүп бир айыл жарыксыз калды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда сел, кар көчкү жүрүп 300дөй түтүн жашаган Ак-Таш айылы бир аптадан бери жарыксыз отурат. Бул тууралуу Чаткал айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбек Абдыкалыков «Азаттык» радиосуна кабарлады. Анын айтымында, көчкү төрт сарайды басып, электр мамыларын бузуп, бир автоунаа кар астында калды.

«Айылдын четтеринде көчкү жүрүп, төрт сарайдагы 150дөн ашуун кой, төрт атты басып калды. Электр мамылары көчкү алдында калып, Ак-Таш айылында 4-5 күндөн бери жарык жок. Башка айылдарда деле жарык бирде өчүп, бирде күйүп жатат. Ала-Бука — Чаткал жолу жабылган. Ачылды деп айткан менен 4-5 машина өткөндө эле жаңы көчкү түшүп, жабылып калууда. Жолду ачканга техника жетишпей жатат. Чаткал айыл өкмөтүндө 74 үйдү сел каптады», — деди Абдыкалыков.

Райондун бийлиги тургундарды жолго чыкпай турууга чакырууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев Чаткал районуна көңүл бурууну 17-мартта парламенттин жыйынында көтөргөн. Ал Министрлер кабинети чыгымдарды эсептеп чыгып, табияты катаал аймакка колдоо көрсөтүү керектигин айткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылында кар көчкү астында калган мал-жандыкты чыгаруу иши уланып жатканын билдирген. Кар көчкүдөн адам өмүрүнө зыян келген жок.

Синоптиктер Кыргызстандын аймагында 20-мартка чейин туруксуз аба ырайы сакталаарын, тоолуу аймактарында кар көчкү коркунучу бар экенин эскерткен.