Кечээ, 11-апрелде саат 18:42де Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда
күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянып ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.