Америка тургуну үйүн жыйнап байыды

Америка тургуну үйүн жыйнап байыды. Чет элдик ММКлар жазышкандай, Флорида штатынын тургуну лотерея билеттерин сатып алып, бирок алар тууралуу такыр унутуп калган. Кийин үйүн жыйнап жатып, таап алган.

 

Ошол жерден эле сандарын өчүрүп, 1 миллион доллар утуп алганын билди. Лотерея билеттерин сатып алган дүкөндүн ээсине сүйүнчү катары ал 2 миң доллар, же 168 миң сом белек кылды.