Жакынкы арада өсүмдүк майы жана кумшекерге болгон баа арзандайт

Жакынкы арада өсүмдүк майы жана кумшекерге болгон баа арзандайт.

Бул тууралуу монополдукка каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин

бөлүм башчысы Сагындык Маматоморов билдирди. Анын айтымында, августтун

аягына чейин Кыргызстанга 0 ставкадагы КНС менен  40 миң тонна кумшекер жеткирилет.

Бул рынокто азыкка болгон баанын төмөндөшүн шарттайт. Маматоморов белгилегендей,

быйыл Россияда күнкаманын түшүмү жакшы. Андан улам Россияда өсүмдүк

майыгны баалар түшөт. Арзандоолор биздин өлкөгө дагы тиешелүү болот.