Өлкөдө айрым ашуулар унаа кыймылына жабылды

Өлкөдө айрым ашуулар унаа кыймылына жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, аба-ырайынын шарттарына байланыштуу Нарын облусундагы Калмак-Ашуу жана Кынды ашуулары, ошондой эле Жалал-Абад облусундагы Молдо – Ашуу жана Сары-Кыр ашуулары аркылуу унаалар өткөрүлбөйт.

 

Аталган ашууларда учурда кар жаап жаткандыктан, аварияларды алдын алуу максатында чектөөлө киргизилди, — дешти ведомстводон.