Кыргызстан бал экспорттоону 43 пайызга жогорулатты

Кыргызстан бал экспорттоону 43 пайызга жогорулатты.

Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Быйыл январдан майга чейин Кыргызстан 76 миллион сомго 221 тонна

бал жеткирип берди. Былытр ушул эле мөөнөт аралыгында 30 миллион

сомго 126 тонна азык экспорттолгон. Эске салсак, Кыргызстан балдын

көп бөлүгүн Сауд Арабиясына жана Бириккен Араб Эмирлигине экспорттойт.

Ошондой эле кыргыз балы Японияда жана Францияда көп суралат.