Кыргызстанда доллар кымбаттоо багытында. Учурда ал 81 сомго жакындап калды.
Бүгүнкү күндө америкалык валютаны 80 сом 40 тыйындан сатып алышып, 80 сом 75 тыйындан сатылууда.
Бир сутка аралыгында доллар 1 сомго кымбаттады. Анын ортосунда Улуттук банктан кескин кымбаттоонун
себебин айтып беришти. Башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, кыска мөөнөттүү серпилүүлөр
13-октябрдан тартып чек аралар аркылуу капиталдарды алып өтүү кызматы жанданганына байланыштуу.
Доллардын кымбатташына тышкы факторлордун таасири жок. Эгерде долларга суроо-талап
мындан да көп өлчөмдө керек болсо Улуттук банк камсыздай алат.