Япониялык компания Кыргызстанда чакан ГЭС курат.
Тиешелүү меморандумга кол коюлганын Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ГЭС Каракөл шаарында жайгашат.
Гидроэлектрстанция куруу боюнча долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу пландалууда.
Белгилеп кетсек, былтыркы жылы Энергетика министрлиги өлкө аймагында 48 чакан ГЭС курууга ниеттенген 20 компанияга күбөлүк берген.