Футболчу Пауло Дибаладан төртүнчү жолу коронавирус аныкталды

Италиянын «Ювентус» футболдук клубунун аргентиналык чабуулчусу Пауло Дибала бир жарым айдан бери коронавирус менен ооруп жатат. Акыркы алты аптанын ичинде 26 жаштагы футболчу инфекцияга каршы төртүнчү жолу тест тапшырып, коронавирус аныкталган.

 

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда футболчу Италиянын Турин шаарындагы үйүндө карантинде. Ал акырындык менен машыгууну баштады. Футболчу бул ооруга каршы толук кандуу дарыланууну пландап жатат. Себеби май айында «Ювентус» клубу толук курамда машыгууларын баштамакчы.

Эске салсак, футболчу март айында бул инфекцияны жуктуруп алган.