Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар бир мандаттуу округдардагы депутаттарга добуш бере албайт

Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар бир мандаттуу округдардагы депутаттарга добуш бере албайт. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

 

Анын айтымында, бир мандаттуу округ боюнча белгилүү бир аймакты көрсөткөн депутаттар гана шайланат алат. Андыктан, чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар партиялык тизме менен 54 талапкерге добушун бере алат.

 

Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленди.