Каракол шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди

Каракол шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди.

Мэриядан билдиришкендей, үлпөт тойлор, массалык иш-чаралар тынымсыз белгиленип жаткан

ири кафе-ресторандар жабылат. Мындай чечимди ыкчам штаб кабыл алды.

Айрым тамактануу түйүндөрү эскертүү жана айып салынганына карабастан талаптарды аткарбай жатат.

Бир нече фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. Ошондой эле

Каракол шаарында жума күндөрү микрокредиттик компаниялардын, банктардын иши токтотулат.

Калаадагы эки ири базарда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.