Чолпон-Ата жана Ош шаарларында Ноорузга арналган ат оюндары өтөт

Чолпон-Ата жана Ош шаарларында Ноорузга арналган ат оюндары өтөт.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,

майрамга карата көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана ат чабыштын түрлөрү боюнча

мелдештер уюштурулат. Ат оюндары Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда жана

Оштогу Төлөйкөн ипподромунда өтөт. Ат оюндары 16-марттан 21-мартка чейин өткөрүлөт.