“Барселона” футбол клубуна жаңы президент шайланды.
Испаниялык команданын башчысына 3 талапкер ат салышып,
Жоан Лапорта жеңип чыкты. Эске салсак, ЛапОрта 2003-2010-жылдар аралыгында
“Барселона” клубунун президенти болгон. Бул мөөнөттө клуб төрт жолу Испаниянын
чемпиону болуп, эки ирет Чемпиондор лигасынын кубогун жеңип алган.