Кыргызстанда 12-июлга карата 28 адамдан коронавирус табылды.
Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришкендей, катталган учурлардын ичинен 20сы өздөрү (оорунун белгилери байкалгандыктан) кайрылышкан, алты адамда ПЦР-тесттен аныкталса, экөө сырттан келгендер.
Учурда илдетке кабылгандардын экөө ооруканага жаткырылды.
Эске салсак, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустун 201 миң 243 учуру катталган.