Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү $1,5 млрд түздү

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасы 2022-жылдын январь-май айларында 1,5 млрд долларды түздү.

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Айнура Орозбаева билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу көлөм 45%га көбөйгөн, муну менен катар экспорттук ташуулар 4,1%га, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 1,6 эсеге өскөн.

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 1,5 млрд долларды түзүп, бул өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 21,2%га өст.

Анын ичинде экспорттук ташуулар 49,7%га, ал эми импорт 12,8%га көбөйгөн.

Республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга – 68,6% жана Казакстанга – 29,3% туура келет.