Кыргызстанда коронавирус дагы 35 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 26, Чүйдө 2, Нарында 1, Жалал-Абадда 5, Баткен облусунда 1 учур катталды. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 830га жетти.