Дүйнө чемпионатынын алкагында бүгүн дагы чейрек финалга өткөн эки курама аныкталат.
Кечки саат 9да оюн талаасына Хорватия – Япония курамалары чыгат. Ал эми түнкү саат 1де Бразилия – Түштүк Корея жолугуп, кийинки турга жолдомону талашат.
Эске салсак, Бразилиянын форварды Неймар буга чейин бутунан жараат алып, оюн талаасына чыккан эмес. Машыктыруучу бүгүн ага ойноого уруксат береби, жокпу белгисиз.