Дүйнөлүк банк Кыргызстанда асыл тукум уйлардын саны көбөйтүүгө 5 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанда асыл тукум уйлардын саны көбөйтүүгө 5 миллион доллар бөлүп берет. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, облустагы ар бир райондо миңден кем эмес сүт багытындагы уйларды багуу, сүт кластерин түзүү боюнча иштер башталды. Каражатка ар бир аймакта сүт кабыл алуучу түйүндөр ачылып, сүт заводдорунун иши жакшыртылат.