Жерүй алтын кени комбинаты толук ишке киргизилди

Жерүй алтын кени комбинаты толук ишке киргизилди.

Жумуштарды баштоону видео чалуу аркылуу Владимир Путин жана Садыр Жапаров жарыялады.

Президенттер Жерүйдүн ачылышы Кыргызстанга өзгөчө маанилүү экенин белгилешти.

Жерүй республика боюнча көлөмү жагынан экинчи орунда турат. Долбоордун кубаттуулугу жылына

1 миллион 300 миң тонна казууларды камтыйт. Алардан жакынкы 10 жылда дээрлик 60 тонна алтын өндүрүлөт.

Фабрика былтыртан тартып иштеп жаткан, учурда ал толук ишке киргизилди.

Артыкчылык экономикалык пайда гана эмес, экологиялык коопсуздук дагы.