Өкмөт материалдык резервди толтуруу үчүн 220 миллион сом бөлдү.
Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирет.
Анын айтымында, каражат буудай алууга жумшалат. Чиновник белгилегендей,
учурда өлкөдө дан өсүмдүктөрүнүн запасы жетиштүү деңгээлде.
Мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы азык-түлүктүн
көлөмү ачык айтылбайт. Буга мыйзам жол бербейт. Эске салсак,
өлкөдө чек аралардын жабылгандыгына байланыштуу ун жеткиликсиз
деп элди дүрбөлөңгө салган жалган маалыматтар тарады.