Дубайдын өкмөтү дүйнөдө биринчи болуп кагазы жок иштөөгө өттү. Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, бийлик толугу менен санариптик технологияларга өтүүдө.
Бул бардык тармактарга тиешелүү – коммуналдык-турак-жай, полиция, муниципалитет, соттор, саламаттыкты сактоо жана башка коммерциялык түзүмдөр. Эми калкка кызмат көрсөтүүлөр бир гана электрондук технологиялар аркылуу жүргүзүлөт.