Коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине ноябрь айы үчүн атайын төлөмдөр берилди

Коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине ноябрь айы үчүн атайын төлөмдөр берилди. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду дарыгерлерге  ноябрь айы үчүн 42 миллион 605 миң сом төлөдү.

 

Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. Маалыматка караганда, фонд саламаттыкты сактоо уюмунун 3 миң 350 кызматкерине каражат бөлгөн. Ноябрда 825 дарыгер, 1 миң 294 орто, 456 кичи медперсонал жана 824 башка кызматкер каражат алышты.