Европадагы эң чоң 3D форматындагы үй Германияда курулууда

Европадагы эң чоң 3D форматындагы үй Германияда курулууда. Аны 3 эселүү принтердин жардамы менен куруп жатышат. Жалпы аянты 380 чарчы метрди түзгөн үйдө 5 батир жайгашат.

 

Система өзү бетонду аралаштырып, өзү дубалды тургузууда. Куруучулар мындай жаңычылдыкты жакшы кабыл алып, ал убакытты кыйла үнөмдөй турганын айтышты. Мындай система менен болгону 2-3 эле адис талап кылынат.

 

Бирок 3D-принтердин бир кемчилиги бар – ал суукта иштей албайт.