Европалык авиакомпаниялардын жүргүнчүлөрү учуу убактысында телефон жана интернет менен колдоно алат

Европалык авиакомпаниялардын жүргүнчүлөрү учуу убактысында телефон жана интернет менен колдоно алат. Бул pico-cell атайын жабдуусунун жардамы менен мүмкүн болот.

 

Ал борттогу системаны спутник менен байланыштырып, тиешелүү сигналды алып берет. Жүргүнчүлөр интернет жана уюлдук байланыш менен кадимки тарифтери менен эле колдонот. Еврокомиссиянын маалыматына ылайык, жаңычылдык кийинки жылы жеткиликтүү болушу күтүлүүдө.