Нарын облусунда жайлоолорго, көлдөргө, кооз капчыгайларга жана ысык сууларга алып барчу жол белгилери орнотулду

Нарын облусунда жайлоолорго, көлдөргө, кооз капчыгайларга жана ысык сууларга алып барчу жол белгилери орнотулду. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

 

Белгилер ориентир катары жана туристтик объектилердин жарнамасы катары пайда болду. Алар күн нуруна жана нымдуулукка туруктуу материалдардан жасалды. Фонддон белгилешкендей, мындай белгилер кийинки жылы Кыргызстандын бардык аймактарында орнотулат.