Сүт жаштыкты сактоого жардам берет

Сүт жаштыкты сактоого жардам берет. АКШнын окумуштуулары 6 миң адамга изилдөө жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында майлуулугу аз сүт ичкендер өз курагына караганда жашыраак көрүнгөн.

 

Ошондой эле атайын аппарат менен текшергенде мындай адамдар организминин биологиялык курагы календарлык курагына караганда төрт жылга жаш экени белгилүү болгон. Андыктан, адистер азыктын бул түрүн күнүмдүк рационго киргизүүнү сунуштайт.