Кыргызстанга келген чет элдик инвестициянын агымы дээрлик эки эсеге өстү

Быйыл Кыргызстанга келген чет элдик инвестициянын агымы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өстү.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, январдан сентябрга чейин өлкөгө 958 миллион доллар түшкөн.

Бул акчанын негизги үлүшү же болжол менен 96 пайызы пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды жана каржылык ортомчулук чөйрөсүн каржылоого багытталган.