Финляндияда бактарды кучактоо боюнча үчүнчү чемпионат өттү. Катышуучулар өз ара 3 номинация боюнча күч сынашты. Биринчиси – ылдамдык, бир мүнөттүн ичинде болушунча көп карагай жана ак кайыңдарды кучакташ керек.
Экинчиси – берилгендик, бир бак менен жылуу кучакташуу жана үчүнчүсү – фристайл – креативдүү жана өзгөчө кучакташуулар.
Баш байге катары тоо-лыжа курортунда бир жумалык эс алууга жолдомо болду. Аны аюнун костюмун кийген Хельсинкинин тургуну утуп алды.