Бишкектин Эне-Сай конушунда Гидростроитель көчөсүнүн курулушу аягына чыгып калды

Бишкектин Эне-Сай конушунда Гидростроитель көчөсүнүн курулушу аягына чыгып калды.

 

Мэрия маалыматына ылайык, иштер анын Курманжан Датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейинки тилкесинде жүрүп жатат.

 

Бул жерде ошондой эле “Аламүдүн” дарыясы аркылуу көпүрө курулууда. Жол колдонууга берилсе, базарды көздөй агылган тыгындар жоюлат. Калыбына келтирүү иштери Кытай грантынын эсебинен жүргүзүлдү.