Франция курамасынын жарым коргоочусу Поль Погба “Манчестер Юнайтедден” кетти

Франция курамасынын жарым коргоочусу Поль Погба “Манчестер Юнайтедден” кетти. Оюнчу командадан эркин агент катары кетип жатат. Аны менен макулдашуу узартылган жок.

 

Буга чейин Погба “Манчестер Ситиге” өтө турганы тууралуу маалыматтар тараган. Бирок ал “МЮнун” күйөрмандарынын жинине тийбеш үчүн, англиялык клубга өтүү оюнан кайтты. Эми ал Англиядан башка клубдарды караштырып жатат.