Аймактарда жүрөк-кан тамыр хирургиясы борборлорун ачуу пландалууда

Кыргызстандын бардык аймагында жүрөк-кан тамыр хирургиясы борборлорун ачуу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Ал белгилегендей, учурда бул маселе министрлер кабинетинде каралып жатат.

 

Борборлор катуу кармаган миокард инфарктынын жана башка жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандарга тез жардам көрсөтөт, — деди министр.