Жалал-Абад шаарында керектөөчүлөрдүн электр энергиясына болгон карызы 76 миллион сомго жетти.
“Акчабарга” “Жалалабатэлектро” ишканасынан билдиришкендей, жыл башынан 1-сентябрга чейин
калаадагы коммерциялык ишканалар жарык үчүн 32 миллион сом бересе болсо, калктын карызы
44 миллион сомдон ашты. Бул боюнча 8 айдын ичинде 314 абоненттин иши сотко өткөрүлүп,
анын 181и боюнча төлөмдөр жүргүзүлдү. Калгандары кароодо. Андан улам, ыңгайсыздык
жаралбаш үчүн төлөмдөрдү өз маалынан кечикпей жүргүзүү сунушталат.