Германия коомдук транспортто беткап режимин жокко чыгарды

Бүгүнтөн тарта Германияда коомдук транспорттордо беткап режими жоюлду.

Бул өлкөдөгү акыркы ковид чектөөлөрүнүн бири болгон.

Бийлик коронавирус боюнча кырдаал көзөмөлдө деп эсептейт.

Алсак, калктын иммунитети жогору жана инфекциянын жаңы толкуну күтүлбөйт.