Кыргызстанда чакан бизнес ээлери бир жылга салыктан бошотулат.
Премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, 2021-жылдын 1-январынан тартып,
жаңы салык режими киргизилет. Ага ылайык, товар айлантуусунун көлөмү 8 миллион сомго
чейинки ишкерлер салык отчетун бербейт. Биринчи жылда салык ставкасы 0 пайызды түзөт.
Мындан тышкары, бирдиктүү салык декларациясы жөнөкөйлөштүрүлөт жана
импорт товарларга электрондук декларация иштеп баштайт.