Индонезияда өзгөчө музей ачылды

Индонезияда өзгөчө музей ачылды. Анда пластиктен жасалган буюмдар тартууланган: бир жолу колдонулуучу идиш-аяк, түтүкчөлөр, бөтөлкөлөр жана баштыктар.

 

Бул таштандынын бардыгы океан, деңиз, дарыялардан жана пляждардан терилген. Белгилеп кетсек, Индонезия дүйнөдөгү пластикти эң көп колдонгон мамлекеттердин тизмесинде экинчи орунда турат. Ал эми биринчи орунда Кытай жайгашат.