Facebook тынч режим функциясын киргизди

Facebook тынч режим функциясын киргизди. Ал аркылуу колдонуучу белгилүү бир мөөнөткө бардык билдирүүлөрдү кабыл алууну өчүрүп кое алат. Муну менен компания адамдарга айрым учурларда социалдык тармактардан эс алуу керектигин эскертет.

 

Бул психикалык ден-соолукка керек нерсе, — дешет адистер. Эгер колдонуучу өзү киргизген “тынч режимде” баракчасына баш бакса, ага эскертүү келет.