Япониялык миллиардер Юсаку Маэдзава кыздар арасында сынак жарыялады

Япониялык миллиардер Юсаку Маэдзава кыздар арасында сынак жарыялады. Мыктысы ага турмушка чыгып, Айга учат. Бул тууралуу эркек Твиттердеги баракчасына жазды. Сынакка 20 жаштан жогору, күйөөсү жок, шайыр кыздар катыша алат.

 

Алар Маэдзава менен бирге жакшы иштерди жасоого умтулушу керек. Ошондой эле миллиардердин шарттарынын арасында – кыздардын Айга учууга каалоосу болуп,  дайыма өз пикири болуусу кажет.