Көңүлдү көтөрүп, иммунитетти бекемдөөгө шоколад жардам берет

Көңүлдү көтөрүп, иммунитетти бекемдөөгө шоколад жардам берет. Россиялык адис Варвара Зародинанын айтымында, таттуу азык антиоксиданттарга бай. Шоколад жеген учурда мээ дофамин жана серотонин ырахат гормондорун бөлүп чыгарат.

 

Ошондой эле, ал иммунитетке оң таасирин тийгизет. Бирок анда кумшекер көп болгондуктан, шоколадды аз-аздан жеп туруу сунушталат.