Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы ФИФА рейтингинде 2 позицияга төмөндөдү

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы ФИФА рейтингинде 2 позицияга төмөндөдү.

Муну менен биздин футболчулар 98-орунга жайгашты. Команданын карамагында 1 миң 240 упай бар.

Рейтингдин алдыңкы үчилтигин Бельгия, Франция жана Бразилия ээлейт. Тизмеге жалпысынан

210 команда кирет. Белгилеп кетсек, Кыргызстан курмасы коронавируска байланыштуу бир катар

оюндарды өткөргөн жок. Биздин оюнчулар катыша турган 2022 — Дүйнө чемпионатына

тандоо жана Азия Кубогу – 2023 турнирлери жылдырылган.