Японияда сакура багынын гүлдөшү эле  өлкөгө дээрлик 5 миллиард доллар алып келет

Японияда сакура багынын гүлдөшү эле  өлкөгө дээрлик 5 миллиард доллар алып келет. Аналитиктер жаздын бул мезгилинде туристтердин чоң агымы боло турганын болжолдошту.

 

Жакында эле Япониядагы коронавирустук чектөөлөрдүн алынышы дагы жакшы таасирин берет. Эске салсак, сакуранын гүлдөшү туура бир жумага созулат. Бул мезгилде тургундар жакындары менен убактысынын көбүн сыртта өткөрүүгө аракет кылат.

 

Туристтер дагы Японияга саякатын ошол учурга ылайыктайт.