Чехиянын 2 зоопаркына маймылдарга видео чалууларды аткаруу үчүн Zoom программасы орнотулду.
Бул жаныбарлар көрүүчүлөр жок маанайлары түшүп, аларга кызыксыз болбошу үчүн. Бул тууралуу жергиликтүү
“Европульс” басылмасы билдирет. Жаңычылдык Брно жана Двура Кралове-над-Лабем шаарларындагы маймыл
кармоочу жайларда сыноодон өттү. Эми шимпанзелер бири-биринин жашоосун чоң экрандан көрө алышат.
Кызыгы маймылдар эксперимент жүргүзүлө баштагандан 2 жума өткөндөн кийин сыналгы көргөн
адамдардай эле экрандын алдына келип тамактанып карап отура башташты.